«Бишкек-Дели-Бишкек» аба каттамы жанданды

Мезгил

«Бишкек-Дели-Бишкек» аба каттамы жанданды.  Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти.    

 Маалым болгондой, Индиянын калаасына каттам 22-августтан тартып дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү аткарылат.

Учуу убактысы 2 саат 50 мүнөт. Жүргүнчүлөр Boeing 737 лайнери менен тейленет.

Белгилей кетсек, Кыргыз-индиялык бизнес форумунда “Бишкек-Дели” аба каттамын ачуу тууралуу сүйлөшүү жүргүзүү пландалган. Кыргызстан менен Индиянын соода жүгүртүүсү 37 млн. долларды түзөт. Индия ири өлкө экенин эске алганда бул өтө аз. 

Кыргыз бизнесмендери Индияга бал, кургатылган жемиш экспорттоого даяр. Ал эми индиялык бизнесмендер текстиль, булгаары жана зер буюмдарын экспорттоого даяр экендиги айтылган.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *