Бишкек. Эми жарандар Виза борборунда консулдук кызматтарды алуу үчүн кезек күтпөйт

Мезгил

Кечээ жакында Бишкекте 24-июлда КР Тышкы иштер министрлигинин Визалык борбору ачылган. Аталган борбор Кыргызстандын жана чет мамлекеттердин жарандарына консулдук кызматтарды узак убакытка кезеке турбай ыңгайлуу шарттарда алууга мүмкүндүк берет.

Ошондой эле Визалык борбордун кызматтарынын тизмесине визаларды тариздөө, алардын жарактуу мөөнөтүн узартуу жана визалык чакырууларды тариздөө маселелери, ошондой эле документтерди легалдаштыруу жана консулдук эсепке алуу маселелери киргизилген.

Визалык борборунда өз кезегинде иштин транспаренттүүлүгүн жогорулатууга жана коррупциялык тобокелдиктерди кыскартуу үчүн видео байкоо жабдыктары орнотулат.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *