Мезгил
Бишкек-Кара-Балта жолунун сапатын көзөмөлдөөчү атайын комиссия түзүлдү.
Маалыматка ылайык, анын курамына унаа жана жолдор, Ички иштер министрликтеринин, Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын, Архитектура жана курулуш агенттигинин өкүлдөрү, Москва, Сокулук, Жайыл райондорунун акимдери киришти.
Бишкек — Кара-Балта жолунун 4-фазасында эки кабаттуу асфальт төшөлүп, көпүрөлөр оңдолуп, тротуарлар курулат.
Бүгүнкү күнгө карата асфальттын биринчи катмары дээрлик 6 чакырымга төшөлдү. Жыл аягына чейин жалпы 20 чакырым жолдун баарына асфальт төшөлүп бүтөт.