Бишкек мэри 8-августа шайланат

Мезгил

БШКдан билдиришкендей, Бишкек мэрин шайлоо 8-август күнү өтөт.

Маалымдалгандай, бул тууралуу бүгүн, 23-июлда Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги отурумунда белгилүү болду.

 Эске салсак, 19-июль күнү  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ибраимовду буга чейин козголгон кылмыш ишине байланыштуу кармаганын билдирген.

Ал “Дастан” ишканасынын жетекчиси болуп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда бюджетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүк четинде беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар деп шектелүүдө.

Албек Ибраимов расмий 10-июлдан 8-августка чейин эс алууда экени кабарлаган. Бирок Бишкек шаардык кеңеши 13-июлда ага ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. Бүгүн, башчы шаардык кеңештин чечимин колдоп Ибраимовду Бишкек шаарынын мэрлигинен алуу боюнча буйрукка кол койду. Мэрдин милдетин азыр анын орун басары Бакытбек Дүйшембиев аткарууда.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *