Бишкек мэрине талапкерлер мамлекеттик тилден сынакты 31-июль күнү тапшырышат

Мезгил

Бишкек мэрине талапкерлер кыргыз тилинен сынакты 31-июль күнү тапшырышат.

Маалымдалгандай, Бишкек шаардык шайлоо комиссиясы мамлекеттик тилден сынак алуучу топтун курамын бекитти.  

Жети кишиден турган топ 31-июль күнү талапкерлердин кыргыз-тилин сынайт. Сынакта талапкер өзүнүн программасын кыргыз тилинде жазып, окуп бериши керек. Андан тышкары көркөм чыгармадан үзүндү окушат. Кошумча суроолор берилиши дагы мүмкүн.

 Белгилей кетсек,  бүгүн, 26-июлда Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция шаар мэрине Азиз Суракматовдун талапкерлигин көрсөткөн.

 Эске салсак, 13-июлда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. 19-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ибраимовду кызматтан кетирүү токтомуна кол койгон.

Бишкек мэрин шайлоо 8-август күнү өтөт.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *