Бишкек мэрине талапкерлерди катташ үчүн документтер кабыл алына баштады

Мезгил

БШКдан  билдиришкендей,  Бишкек шаарынын аймактык шайлоо комиссиясы борбор калаанын башчылыгына талапкерлерди катташ үчүн документтерди кабыл ала баштады.

 Маалым болгондой, жогорку билими жана мамлекеттик, муниципалдык кызматтарда, билим берүү, саламаттык сактоо мекемелеринде, жеке ишканаларда жетекчи кызматтарда беш жылдан кем эмес иш стажы бар, мамлекеттик тилди эркин билген кыргызстандык жаран Бишкек шаарынын мэри боло алат.

Талапкерлерди көрсөтүү укугуна Бишкек шаардык кеңешиндеги фракциялар жана өлкөнүн премьер-министри укуктуу.

  Бишкек мэрин шайлоо  8-августка белгиленген.

Белгилей кетсек, быйыл 13-июлда Бишкек шаардык кеңеши мурдагы мэр Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алып, премьер-министр аны кызматтан алган.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *