Бишкек мэрине талапкерлерди каттоо эртең 18:00гө чейин уланат

Мезгил

БШКдан билдиришкендей, эртең 31-июлда  саат 14:00дө Бишкек шаарынын мэри кызматына талапкерлер   кыргыз тилинен экзамен тапшырышат.  

Маалым болгондой, мэрликке азырынча шаардык кеңештеги көпчүлүк коалициядан Азиз Суракматовдун гана талапкерлиги расмий көрсөтүлдү. Ал эми шаар башчылыгына талапкер болгондордун документтери 31-июлда кечки саат 18:00гө чейин кабыл алынат.

Кыргыз тилинен экзамен тапшыруу саат 14:00дө башталып, 18:00гө дейре болот. Эгер ошого чейин документтерин алып келгендер болсо дароо эле тил сынагынан өтүүгө жөнөтүлөт.

 Бишкек мэрин шайлоо 8-август күнү өтөт.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *