Мезгил
Бишкекте башаламан соода жүргүзүүгө каршы күрөшүү уланууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдирди.
Маалым болгондой, Октябрь районунун акимиаты Ички иштер башкармалыгы менен биргеликте Юнусалиев жана Сүйөркулов көчөлөрүндө рейд жүргүзүүдө.
Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө 15 соода түйүнү алынып, сатуучулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул багытта иштер дагы улантылат.