Бишкек мэриясы мешке таштанды менен желимди жаккандарга айып пул салат

  Мезгил

Бишкек мэриясы шаар тургундарын мешке таштанды менен желимди жакпоого чакырып, эреже бузгандарга айып салынарын эскертти.

 Мэриянын маалыматына ылайык,  шаардык санитардык-экологиялык инспекция менен райондук акимиаттын кызматкерлери күн сайын шаарды көзөмөлгө алышууда.

Эгерде эреже бузган жеке жактарга 5,5 миң сом, юридикалык жактарга 17 миң сом айып салынат.

Ал эми өндүрүш таштандылары менен башка буюмдарды жаккандарга, ошондой эле жалбырактарды өрттөгөндөргө 7,5 миңден 23 миң сомго чейин айып каралган.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *