Бишкек мэриясы шаар тургундарын велосипед менен жүрүүгө чакырат

Мезгил

Бишкек мэриясы 2019-жылы 9 чакырымдык веложолдорду куруу ниетинде. Бул тууралуу тегерек столдун жүрүшүндө шаардык муниципалитеттин унаа бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Жунусов билдирди.

 Жунусов белгилеп кеткендей,  мындай жол менен мэрия шаардыктардын бир бөлүгүн велосипед менен жүрүүгө багыттайт.

Ошондой эле  2020-жылдын планында дагы 9 чакырымдык веложол куруу каралган.

Белгилей кетсек, Бишкекте абанын булгануусуна унаалардан чыккан түтүн жана жагылган көмүр себепкер дешүүдө.

Эске салсак, активисттер Бишкек үстүндө калкып турган түтүнгө тынчсызданууда.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *