Бишкек – Москва поезд каттамынын билеттери арзандайт

Мезгил

Бишкек – Москва поезд каттамынын жүргүнчүлөрү үчүн билеттин баасы арзандайт. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен билдирди.

Тактап айтсак, Кыргыз темир жолу “Улуттук компания» мамлекеттик ишканасы менен россиялык «Российские железные дороги» ААКсы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жол кирени арзандатуу чечимин кабыл алышкан. Ошондой эле 2020-жылдын башынан тарта билеттердин баасы вагондордун категориясына жараша 18.1 жана 19.9 пайызга чейин төмөндөйт.

Мындан сырткары, ушул жылдын сентябрь айынан тарта «Кыргыз темир жолунун» кассаларында Россия, Казакстан жана Белоруссиянын ички каттамдарынын билеттери да арзандаары белгилүү болду.

– Самара — Саратов темир жол каттамынын учурдагы баасы 4 120 сом болсо, жаңы кызмат киргенден кийин анын наркы 1581 сом болот – деп министрликтен билдирди.

Мындан сырткары, темир жол менен каттаган эс алуучулардын тобу үчүн дагы билеттердин баасы 20-30 пайызга чейин төмөндөйт.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *