Мезгил
Бишкек-Москва поездине билеттин баасы 55 пайызга арзандады. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти.
Маалым болгондой, мындан ары билеттин баасы 12 миң 834 сом турат. Бул купе вагонуна болгон баа. Ал эми плацкарт вагонуна жеңилдетилген баа менен 9 миң 767 сомго сатып алса болот.
Кошумчалай кетсек, Москвага бара турган жүргүнчүлөр поезддин билеттерин купе вагонуна 45 күндөн 41 күнгө чейин алдын-ала сатып алса, билеттин жалпы баасына 55 пайыз жеңилдик берилет. 9 суткага чейин билеттер 45 пайызга арзандайт.
Булак: Мезгил Ньюс