Бишкек – Нарын – Торугарт жолунда унаалар ылдамдыгына чектөөлөр киргизилди

Мезгил

Бишкек – Нарын – Торугарт трассасында унаалар ылдамдыгына чектөөлөр киргизилди.

Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Маалым болгондой, трассанын айланма бөлүгүндө калыбына келтирүү жумуштары жүрүп жатат.

Анын алкагында 30-65-чакырым аралыкта жолго кырдуу шагыл себилүүдө.

Каттуу келе жаткан унаалардын дөңгөлөктөрүнөн учкан майда таштар айнектерди талкалашы мүмкүн.

Андыктан айдоочулар ылдамдык режимин сакташы керек.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *