Мезгил
Бишкек – Ош трассасы ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, Бишкек – Ош трассасы Ала-Бел ашуусу жана Чычкан капчыгайында кечээ кар көчкү түшүү коркунучуна байланыштуу убактылуу жабылган.
Ушул мүнөттөрдөн тарта жол кайрадан бардык унаалар үчүн ачык.
Ага карабай, айдоочуларга өтө зарылчылык жок болсо тоолуу трассаларга чыкпай туруу сунушталат.