Бишкек-Ош унаа жолу жабылат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, кар көчкү түшүү коркунучуна байланыштуу, Бишкек-Ош унаа жолу “Сосновка” постунан жана Өтмөк ашуусунан бүгүн кечки сат 6дан эртеңки таңкы саат 6га чейин жабык болот.
Ал эми “Арал” постунан ушул эле маалга чейин бүгүн кечки саат 7ден тарта чектелет.
Аталган түйүндөрдө жылынуу жана ысык-тамак берүү жайлары уюштурулду.
Маалымат алып туруу үчүн 112 кыска номуруна чалса болот.