Мезгил
Бишкек-Ош жолунун 326-чакырымында жол кырсыгы катталып, кесепетинен бир аял каза тапты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа жол жээгинде токтоп турган Renault үлгүсүндөгү унааны сүзүп алган.
Анын кесепетинен 1982-жылы туулган аял каза болду. Дагы 2 киши ар кандай жаракат алышкан.
Булак: Мезгил Ньюс