Мезгил
Бишкек шаардык соту мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин баш коргоо чарасын карап, райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды. Бул тууралуу анын адвокаты Данияр Эркимбаев билдирди.
Анын айтымында, сот бүгүн ушундай чечим кабыл алды. Буга чейин Биринчи май райондук соту мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди 2021-жылдын 26-мартына чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.
Эске салсак, Абылгазиев 26-январь күнү сурактан кийин кармалган. Ал коррупция жана мыйзамсыз баюу фактысы боюнча айыпталып жатат. УКМКнын маалыматына караганда, Абылгазиев мамлекеттик кызматта иштеп турган чагында активдери кескин көбөйүп, расмий түрдө тапкан кирешесинен бир нече эсеге көп чыккан.