Бишкек шаардык соту мурдагы мэр Албек Ибраимовду камакта калтырды

Мезгил

Бүгүн 30-июлда Бишкек шаардык сотунда Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовдунбаш коргоо чарасы каралды.  Бишкек шаардык соту Албек Ибраимовду камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырды.

Белгилей кетсек, 19-июлда Биринчи Май райондук соту Ибраимовду тергөө аяктаганга чейин УКМКнын тергөө абагында калтыруу чечимин кабыл алган . Анын жактоочулары баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууну өтүнүп шаардык сотко кайрылган.

Эске салсак,  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ибраимовду буга чейин козголгон кылмыш ишине байланыштуу кармаганын билдирген.

Ал “Дастан” ишканасынын жетекчиси болуп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда бюджетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүк четинде беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар деп шектелүүдө.

Албек Ибраимов расмий 10-июлдан 8-августка чейин эс алууда экени кабарлаган. Бирок Бишкек шаардык кеңеши 13-июлда ага ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. Бүгүн, башчы шаардык кеңештин чечимин колдоп Ибраимовду Бишкек шаарынын мэрлигинен алуу боюнча буйрукка кол койду. Мэрдин милдетин азыр анын орун басары Бакытбек Дүйшембиев аткарууда.

Булак: Мезгил Ньюс

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *