Бишкек шаардык жана Биринчи май, Свердлов райондук сотторуна судьялар дайындалы

Мезгил

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаардык жана Биринчи май, Свердлов райондук сотторуна судьяларды дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Анда, сот тандоо кеңешинен жалпысынан 16 талапкер боюнча сунуш түшкөн. Мамлекет башчы талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешүү өткөрүп, бир талапкер боюнча материалдарды кеңешке кайтарып бергени айтылат.

Президенттин жарлыгына ылайык, Азизбек Досмамбетов, Гүлмира Садыкова жана Болотбек Сатыбалдиев Бишкек шаардык сотуна судья болуп дайындалышса, Биринчи май райондук сотуна Зарема Бейшеева жана Максат Орозбакова, Свердлов райондук сотуна Чынара Асаналиева жана Айзада Исаева дайындалды.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *