Бишкек шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрүнүн кино күндөрү өтөт

Мезгил

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын(ТҮРКПА) Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын “Кино анимация” боюнча 6-жыйынынын алкагында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кино күндөрү Бишкек шаарындагы “Манас” кинотеатрында 2018-жылдын 13-16-сентябрларында өтөт. Кино күндөрүнүн ачылыш аземи 13-сентябрда саат 18:00дө “Манас” кинотеатрынын чоң залында башталат.

Иш-чарага аталган комиссиянын төрагасы баштаган Азербайджан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия парламенттеринин депутаттары, маданият министрликтеринин жана дипломатиялык мекемелердин өкүлдөрү, кинорежиссерлор, аниматорлор жана маданият ишмерлери катышат.

Программасына ылайык, көрүүчүлөргө  катышкан ар бир өлкөнүн атынан тасмалар көрсөтүлөт. Азербайджандан “Кызыл бакча”, Казакстандан “Оралман”, Кыргызстандан “Түнкү кырсык”, Түркиянын атынан “Буудай” жана “Айла” көркөм тасмалары тартууланат.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *