Бишкек-Торугарт унаа жолундагы видеокамераны аткылап кетишти

  Мезгил

Бишкек-Торугарт унаа жолундагы видеокамераны аткылап жарактан чыгарышты. Бул тууралуу Чүй ОИИББдан билдиришти.

Маалым болгондой,  бүгүн саат 10:56да Аламүдүн РИИБга Бишкек-Торугарт унаа жолунун 10-чакырымында орнотулган камера жарактан чыкты деген маалымат келип түшкөн.

Алдын ала алынган маалыматка ылайык, камераны белгисиз ок атуучу курал менен атышкан. Учурда тиешелүү экспертиза дайындалды.

Камераны сайсыз мылтык менен атышканы айтылууда.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *