Бишкек ЖЭБи боюнча күбөлөр суралууда

Мезгил

Бишкектин Свердлов райондук сотунда борбор калаанын Жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча соттук териштирүүлөр уланууда.

Бүгүн 8-июлда күбөлөр суралды.  Анда “Электр станциялары” ишканасынын директорунун каржылык-экономикалык маселелерге жооптуу орун басары Аскар Кайбалиев ар бир документ кол коюлар алдында тиешелүү текшерүүдөн өтөрүн билдирди.

Бул иш боюнча учурда УКМКнын тергөө абагында мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, парламенттин депутаты Осмонбек Артыкбаев, “Электр станцияларынын” мурдагы башчысы Салайдин Авазов жана “Энергохолдингдин” мурдагы жетекчиси Айбек Калиев жана дагы башка бир катар адам отурат. Алардын баары «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» деген беренелер менен айыпталууда. Бирок өздөрүн күнөөсүз экенин айтып жатышат.

Эске салсак, бул ишти Свердлов райондук сотунда 18-февралда карап башташкан.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *