Бишкек ЖЭБинин директору быйыл былтыркыдай авария катталбай тургандыгын убадалады

 

Мезгил

Бишкек ЖЭБинде быйыл авария катталбайт. Буга анын директору Андрей Воропаев убада кылды. 

 Воропаевдун  айтымында, объектте калыбына келтирүү иштери аткарылды, ал толугу менен кышка даяр.

Акыркы буу казанды жаңылоо ноябрда соңуна чыгат. Импорттук жана жергиликтүү көмүрү жеткирүү уланууда. Воропаев белгилегендей, кырсыктарды алдын-алуу үчүн авариялык бригадалар түзүлдү.

Эске салсак, 2018-жылдын  январь айында Бишкек ЖЭБинде авария катталып, ызгаардуу суукта тургундар жылуулуксуз калган. Буга байланыштуу бир катар жогорку даражадагы чиновниктер учурда камакта.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *