«Бишкексвет» муниципалдык ишканасынын директору болуп Алимбек Абдылдаев дайындалды

   Мезгил

Бишкек мэриясында кадрдык орун алмашуулар болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, «Бишкексвет» муниципалдык ишканасынын директору болуп Алимбек Абдылдаев дайындалды. Буга чейин ал «Бишкекжылуулукэнерго» мекемесин жетектеп келген.

«Бишкекжылуулукэнерго» ишканасынын жаңы директору болуп Виктория Мозгачева дайындалды. Буга чейин ал ишкана директорунун орун басары болуп эмгектенген.

Тиешелүү буйрукка мэр Азиз Суракматов кол койду.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *