Бишкекте 1-класстын окуучулары каникулга тарады

   Мезгил

Бишкекте 1-класстын окуучулары бүгүнтөн тартып каникулга тарады.

Бул тууралуу  шаардык билим берүү башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, балдар кийинки дүйшөмбү 22-февралда кайра мектеп парталарына кайтып келет.

Башкармалыктан белгилешкендей, буга карабай 1-класстар үчүн кошумча каникул боюнча ар бир район өзү чечим кабыл алат.

Эске салсак, жалпы мектеп окуучулары жазгы каникулдун алкагында 22-марттан 30-мартка чейин эс алышат.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *