Бишкекте 22 жаштагы жигитти жөө кишилер өтүүчү жерден унаа сүзүп кетти

 Мезгил

  Бишкектин Чүй менен Эркиндик проспектилеринин кесилишинде 22 жаштагы жигитти жөө кишилер өтүүчү жайдан унаа коюп кетти. Бул тууралуу милиция кызматкерлери  билдиришти.

Маалыматка ылайык, жигит жолдон өтүп баратканда унаалар токтоп аны өткөрүшкөн, бирок Honda Fit үлгүсүндөгү унаа кыймылын токтотпой аны коюп кеткен.

Окуя болгон жерге тез жардам кызматы келип, жабырлануучуну ооруканага алып кетти. Күнөөлүүнүн унаасы айып пул төлөөчү жайга киргизилди.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *