Мезгил
Бишкектин 6 мектебинин жанында 4 миллион сомго жакын акчага жол чырактар орнотулат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар сайтында жарыяанды.
Мамлекеттик сатып алуулар сайтында жарыяланган тендерге ылайык, окуучулардын коопсуздугуна карата жабдуулар «Тунгуч» кичи району, Ак-Өргө жаңы конушу жана Павлов, Сүйөркулов, Койбагаров, Матросов көчөлөрүндөгү мектептердин жанында орнотулат.
Ар бир жол чырак 600 миң сомго айланат.
Эске салсак, буга чейин, ошондой эле, билим берүү мекемелеринин жанында жол инспекторлор нөөмөтүн күчөтөт деп айтылган.
Булак: Мезгил Ньюс