Мезгил.
Бишкектеги жеке менчик бала бакчалардын бириндеги окуя боюнча кылмыш иши козголду.
Милиция кызматкерлери жеке менчик бала бакчалардын биринин тарбиячысын кармашты. Ал 5 жаштагы кызга жоосунсуз мамиле жасаганы үчүн укук коргоо кызматынын укуругуна илинген.
Бишкек ШИИБинин маалыматына караганда, шектүү учурда убактылуу кармоочу жайда отурат. Ал 26-сентябрда, түнү кармалган. Факт Октябрь райондук ИИБинде катталган. Тергөө иштери уланууда.
Ошондой эле, окуя боюнча кылмыш иши козголду.
Маалыматка караганда, шектүү бала бакчада чыгыш жекеме-жеке урушу боюнча балдарды машыктырып келген. 5 жаштагы кыз да аталган секциянын катышуучусу болгон.
Булак: Мезгил Ньюс