Бишкекте автобус кырсыкка кабылды. Жабыркагандар бар

Мезгил

Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей,  Бишкекте автобус менен Тойота Аристо кагылышкан. Жол кырсыгынан   жалпысынан 16 адам жабыркады. 

Маалым болгондой, алардын бири сыныктар менен республикалык ортопедия жана травматология борборуна жаткырылса, дагы төртөө ар кандай жарааттары менен Чүй облустук ооруканасында дарылануу алып жатат. Абалдары канаттандыраарлык.

Эске салсак, кырсык бүгүн эртең мененки саат 8де Фрунзе Курманалиев көчөсүнүн кесилишинде болуп, анда Тойота Аристо менен каттамда кетип бара жаткан     №38 автобус кагылышкан.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *