Мезгил
Бишкекте бүгүн жылуулук сезону аяктайт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, тиешелүү чечим бүгүн кабыл алынганды
Эреже боюнча, сыртта абанын табы 5 күн катары менен +8 градустан түшпөгөндө жылуулук өчүрүлүшү керек.
Ал эми мындай аба ырайы борбордо бир жумадан бери кармалууда.