Бишкекте дайынсыз жоголгон Нуриза Жузуева изделүүдө

  Мезгил

Бишкекте 25 жаштагы Нуриза Жузуева изделүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой,  8-октябрь күнү 32 жаштагы У.Н. аттуу аял арыз менен кайрылган. Анда ал сиңдиси көп күндөн бери дайынсыз болуп жатканын айтып кайрылган.

Өзгөчө белгилери: бою 160-165 сантиметр, арык дене түзүлүштө, чачы кара, узун.

ИИМ кимде ким сүрөттөгү кыздын кайда жүргөнүн көргөн билгендер болсо, төмөнкү телефондор аркылуу байланышып коюну өтүнөт.

Байланыш телефону: 0312 35-12-70, 0701 35-12-70, 0702-102-702.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *