Бишкекте эки турак үй өрттөндү

Бишкекте өрттө 2 турак-жай күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сеченов көчөсүндөгү үйдө тилсиз жоо чыкканы тууралуу билдирүү кечээ кечинде түшкөн.

Жалын коңшу тамга дагы өткөн. Аны басууга 6 саат талап кылынды. Жалпысынан өрт өчүрүүчүлөрдүн 5 тобу иштеди. Күйүп кеткен аянт 500 чарчы метрди түзөт. Жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *