Бишкекте экстремизм жана терроризмге каршы иш-чаралар өтүүдө

  Мезгил

Радикалдуу жана экстремисттик идеологияларды жайылтуунун алдын алууда мамлекеттик органдардын дараметин жана көндүмдөрүн чыңдоо максатында, ошондой эле экстремизм жана терроризмге каршы аракеттенүүнүн маселелери боюнча иштелип чыккан окутуу материалдар аркылуу күч структураларынын, ЖӨБ жана мамлекеттик органдардын, республиканын бардык аймактарындагы укук коргоо жана коопсуздук органдарынын өкүлдөрүн окутуу иш-чаралары Бишкек шаарында өтүп жатат.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (КР ДИМК), КР ДИМКга караштуу Диний кырдаалды изилдөө борбору жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги (ИИМ), Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги (ЖӨБЭММА)  тарабынан өткөрүлүүдө.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *