Мезгил
Бишкек шаарынын VEFA соода борборундагы “Фрунзе” гипермаркетинин кызматкери коронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу онлайн маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, ал өзү оорунун белгилери байкалып жатат деп кайрылган.
“Аталган гипермаркеттин кызматкери Санэпидкөзөмөл борборуна илдеттин белгилери байкалып жатат деп кайрылган. Лабораториядан текшергенде коронавирус аныкталган. Учурда ал ооруканада дарыланып жатат. Ошондой эле “Фрунзе” гипермаркетинде иштеген бардык кызматкерлер лабораториялык изилдөөдөн өтүштү”, – деп белгиледи Үсөнбаев.