Мезгил
Бишкекте истүү газга ууланган жаш балдар ооруканадан чыгарылды.
Маалымдалгандай, балдар № 3 шаардык ооруканадан чыгарылды.
Учурда алардын эң кичүүсү – 1,5 жашар бөбөк акырындап тамактанууда.
Эске салсак, 11-февралда «Келечек» турак-жай массивиндеги үйлөрдүн биринде өрт чыгып, 3 жаш бала истүү газга ууланган.
Алардын атасы кош бойлуу жубайынын артынан кетип, бөбөктөр жалгыз калган.
Турак-жайдан ажыраган үй-бүлө коомдук уюмдун жардамы менен убактылуу батирге жайгаштырылган болчу.