Мезгил
Бүгүн, 22-мартта Бишкек шаарындагы Октябрь районунда жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 4-кичи районунда жайгашкан №47 көп кабаттуу үйдүн 40-батиринин балконунан чыккан өрт саат 12:01де толук өчүрүлгөн.
Өрт тууралуу маалымат куткаруу кызматына 11:26да келип түшкөн. Өрттү өчүрүүгө 2 бөлүм тартылды, андан жабыр тарткандар жок.