Мезгил
Бишкекте капиталдык оңдоодон өткөн аскер кызматкерлеринин балдары үчүн бала бакча ачылды. Бул тууралуу Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети билдирди
Маалым болгондой, “Мурас” аттуу билим берүү мекеме 32 жылдан бери оңдоо жумуштарын көргөн эмес.
Акыркы 5 айда бала бакчада эмеректер жана жабдуулар толугу менен жаңыртылып, имарат калыбына келтирилди.
Коргоо иштери боюнча комитети белгилеп кеткендей, эми мекемеде кошумча корпус курулат.
Анда кошумча 50 бөбөк мектепке даярданууга мүмкүнчүлүк алат.
Булак: Мезгил Ньюс