Мезгил.
Бишкекте самбо боюнча чемпион Бекзат Жаныбеков киши колдуу болуп каза тапты.
Укук коргоо кызматтарынын маалыматына караганда, кандуу окуя 3-сентябрда Бишкектин Кулиев жана Пушкин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Аныкталгандай, эки адамдын ортосунда кайым айтышуу жаралган, ал сөздөн кыймылга өтүп, бири экинчисинин көкүрөк тушуна бычак сайган. Жабырлануучуну ооруканага жеткиришкен, бирок, өзүнө келбей көз жумган.
Милиция кызматкерлери шектүүнү кармашкан, ал Жалал-Абад облусунун 33 жаштагы тургуну болуп чыккан. Учурда шектүү ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Факт боюнча кылмыш иши козголду.
Булак: Мезгил Ньюс
Поделиться