Бишкекте төрөткананын кызматкерлери бала сатуу боюнча кармалышты

Мезгил. 

Бишкекте төрөткананын кызматкерлери бала сатуу боюнча кармалышканын ИИМден билдиришти.

Кайсы төрөткана экени тергөө кызыкчылыгынан улам азырынча ачык айтылбайт.

Маалыматка караганда, кылмыштын бетин ачуу эки этап менен жүргүзүлгөн. Факт боюнча Кыргызстандын Кылмыш жаза кодексинин 124- беренеси (“Адам сатуу”) боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

 Бир катар маалымат каражаттарында буга дейре Бишкектеги төрөтканалардын биринин башкы дарыгери жана дарыгерлери ымыркайларды сатканы үчүн кармалганын жазып чыгышкан. Анда, дарыгерлер ымыркайсы чарчап калды деп энесине калп айтышып, а өздөрү сатуу менен алектенгени айтылган. Ошондой эле, кармоо учурунда дарыгерлердин автоунаасынан ымыркайлардын сөөгү да табылганын, аборттон кийинки сөөк болушу мүмкүн деген божомолду да жазышкан.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *