Бишкекте “Тазалык” ишканасынын кызматкерин унаа сүзүп кетти. Ал ошол жерден каза болду

Мезгил

Бишкекте “Тазалык” ишканасынын кызматкерин өлтүрө сүзүп кетишти. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдирди.

 Маалым болгондой, кечээ кечинде Профсоюзная көчөсүндө 36 жаштагы короо шыпыруучуну катуу ылдамдыкта келе жаткан машине коюп кеткен.

Натыйжада тазалык сакчысы 20 метрге учуп барып, жеринде жан берди. 

Короо шыпыруучу жарык чагылуучу атайын формачан болгону жана көчөдө жарыктандыруу жакшы экени белгиленет.Анын артында 3 баласы калды. Учурда айдоочу кармалды, тергөө иштери жүрүүдө.

Эске салсак, былтыр февралда көчөдө “Тазалык” ишканасынын аял кызматкерин сүзүп кетишкен. Ал дагы каза тапкан болчу.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *