Мезгил
Бишкек шаарында 1-класстын окуучусун унаа коюп кетип ал каза болду. Бул тууралуу укук коргоочулар билдиришти.
Маалым болгондой, ал 4 кыздан кийин төрөлгөн жалгыз уул болгон. Окуя Көк-Жар жаңы конушунда катталган. Мазда үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу алдыдагы унааны ашып өтөм деп баланы сүзүп алган. Унаа катуу ылдамдыкта келе жаткандыктан бала учуп барып жерге түшкөн.
Окуя болгон жерден изин жашырып кеткен айдоочу кийин милицияга өзү барган. Ал шок абалында үйүнө качып барып, окуя тууралуу ата-энесине билдирип, кийин милицияга барганы маалым болду.