Бишкекте жол чырактар жаңыланат

Мезгил

Бишкекте эски жол чырактар жаңыланат. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, 18-апрелде шаардык унаа башкармалыгы 19 жол чырак объектилерин жаңылоо боюнча тизмени бекиткен.

Учурда Элебесов жана Васильев, Токомбаев жана Нуркамал, Токомбаев жана Куттубаев, Исанов жана Бөкөнбаев, Махатма Ганди жана Васильев, Шопоков жана Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан 6 жол чырак жаңыланып, пайдаланууга берилди.

Азыркы тапта Анкара жана Достоевский, Садырбаев жана Семетей көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол чырактар оңдолуп жатат. Мындан тышкары, борбор калаанын 6 көчөсүнүн кесилишине жол чырактарды орнотуу боюнча тендер жарыяланды.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *