Бишкекте жол кире маршруткалар 15, автобустар 11 сомго чейин кымбаттайт

   Мезгил

Бишкекте маршруттук таксилерде жол кире 15 сомго, троллейбус жана автобустарда 11 сомго чейин жогорулайт. Мындай долбоорду шаардык кеңеш иштеп чыкты.

 Маалым болгондой,  негизги көйгөй жүргүнчүлөрдү ташуучулардын чыгымдары көп болуп жатканында, ал эми тарифтер 8 жылдан бери өзгөргөн эмес.  

Транспорт каражаттарынын техникалык абалына жарандардан даттануулар түшүп турат. Андыктан жол кире акысын көтөрүү менен автопаркты жаңылап, жаңы айдоочуларды ишке тартууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Белгилеп кетсек,  тарифтерди өзгөртүү тууралуу процедуралар дагы талкууланат. Иштелип чыккан токтомго ылайык, коомдук транспорттордо жүрүү тарифтери автобустарда жол кире акысы 11 сом, кичи автобустарда 15 сомго көтөрүү сунушталган. 

 Эгер токтом кабыл алынса, автобустарда жол кире 3 сомго, кичи автобустарда 5 сомго кымбаттайт.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *