Мезгил
Быйылкы жылдын акырына чейин Бишкектин коомдук унааларында жол акы көтөрүлбөйт.
Бул тууралуу Шаардык транспорт башкармалыгынан белгилүү болду.
Маалым болгондой, азыр тургундар жол киренин жогорулашына даяр эмес.
Бирок эгер мэрия жана шаардык кеңештен тиешелүү демилге чыкса, ишкана аны колдоого даяр.
Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчиси Хасан Алимбековдун билдирүүсүндө, күйүүчү май жана унаа тетиктери кымбаттап жатат ал эми жол кире бир нече жылдан бери өзгөрүүсүз калууда.
Андан улам жүргүнчү ташуучулар киреше таппай, бизнестен кетүүдө.
Булак: Мезгил Ньюс