Мезгил
Бишкекте жылуулук берүү качан токтотулаары Нооруздан кийин белгилүү болот. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, 22-март күнү атайын жыйын өтүп андан соң гана жылуулук качан өчүрүлөөрү белгилүү болот.
Белгилеп кетсек, адатта ордо калаада жылуулук сыртта аба-ырайы катары менен +5 градустан жогору болгондо өчүрүлөт. Ал эми учурда Бишкекте күн 17 градуска чейин жылып жатат.
Булак: Мезгил Ньюс