Бишкектеги башаламандыктан автобустар талкаланып, 60 айдоочу жумушсуз калды

Мезгил

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында жана андан кийинки башаламандыктар Бишкек мэриясына 2 миллион сомдон ашык зыян келтирген. Бул маалыматты мэриянын маалымат жыйынында билдиришди.

7-8-9-август күндөрү Кой-Таштагы кагылышууда укук коргоо органдарына мэрия 70 автобус бөлүп берген. Анын ичинен 30 автобустун айнектери, күзгүлөрү сынып, 1 автобус жараксыз абалга келген.

Алдына ала маалыматтар боюнча автобустарды оңдоого 2 миллион сом керектелет. Мындан сырткары, мэр Азиз Суракматов 60 айдоочу ишсиз калганын, күнүмдүк киреше 100-120 миң сомго төмөндөгөнүн кошумчалады.

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *