Бишкектеги медициналык коллеждин директору пара менен кармалды – Видео

Мезгил. 

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү Мамлекеттик кызматы тарабынан Бишкектеги медициналык коллеждердин биринин директору пара менен кармалды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка караганда, 10-сентябрда Финполго студент кыз арыз менен кайрылган. Ал коллеждин директору окуу жайга кириши үчүн 25 миң сом талап кылып жатканын билдирген. Аны менен катар студент окуу үчүн 30 миң сом төлөгөн.

Факт боюнча КР Кылмыш жаза кодексинин 225 (“Кызматкерлердин мыйзамсыз сыйлык алуусу”)- беренеси биринчи кылмыш иши козголгон. Ал эми директор пара алып жаткан жеринен кармалган.

Финпол бардык студенттерди шектүү сунуштарга макул болбой, 1955 ишеним номерине, же 0312323091, 0312323707 телефон номерлерине байланышып, өзүнүн байланыш маалыматтарын толугу менен калтырууга чакырат.

 

Булак: Мезгил Ньюс

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *