Бишкектеги жарылуудан кафенин кызматкери каза болду

Мезгил

Бишкектин борборунда орун алган тез татым жарылып, ал жакта  иштеген кыз ичинде калып каза болду.  Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жеринде тез татымда иштеген кыз каза болду. Жабыркагандардын үчөө жаш балдар. Алар ооруканага жеткирилди.

Кырсыктан жалпысынан 13 адам жабыркаган. Аларга медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

 Белгилей кетсек, бүгүн түштөн кийин  Бишкектин чок ортосунда, тагыраагы, Эркиндик жана Чүй проспектисинин кесилишиндеги тез татымда жарылуу болгон.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *