Бишкектеги жер өтмөктөрдү оңдоодо да коррупция болгонбу?

Мезгил

Бишкектин вице-мэри Уланбек Азыгалиев УКМКга жер алдындагы өтмөктөрдүн оңдоо иштерин иликтеп берүүсүн өтүнүп кайрылган.

Маалыматка ылайык, УКМК Бишкек прокуратурасы менен биргеликте иликтөө иштерин баштады. Баардык тендерлерге байланыштуу документтер каралууда.

Бул иш боюнча сотко чейинки иликтөө иштеринин алкагында бир катар адамдар суракка чакырылганын шаардын вице-мери Уланбек Азыгалиев билдирди.

– Эки жер алдындагы өтмөккө проекттин-сметасында көрсөтүлбөгөн 3 миллион 630 миң сомдук көтөргүчтөр орнотулган. Бишкек капиталдык куруу башкармалыгы бир нече жолу «ГлавТехИнвест» компаниясын чыккан маселерди алдын алууну суранышкан. Мындан улам мэрия алардын иш аракеттерине мыйзамдын чегинде баа берүүнү өтүнгөн – деди Азыгалиев.

Белгилей кетсек, жер өтмөктөрдө орнотулган көтөргүчтөр чыныгы баасынан кымбат сатылып алынган. Ал эми депутаттык комиссия жер өтмөктөрдө жасалган оңдоо иштеринде бир катар кемчиликтерди табышкан.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *