Мезгил
Бишкектин кафесинде ок чыгарган милиция кызматкерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалым болгондой, иш “бейбаштык”, “кызмат ордун кыянаттык менен пайдалануу” беренелери менен тергелмей болду.
Эске салсак, 13-сентябрга караган түнү борбордогу кафелердин биринде эс алып отурган милиция кызматкери табелдик тапанчасынан ок чыгарган. Ал Бишкек ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын өкүлү болуп чыкты. Тергөө амалдары уланууда.
Булак:Мезгил Ньюс